Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбаев: туздуу тамак гипертонияга алып келет

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу, профессор Акбай Сарыбаев. Архив
КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу, профессор Акбай Сарыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу, профессор Акбай Сарыбаев жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу үчүн туура тамактануунун эрежесин билүү зарыл экендигин айтты.
Сарыбаев: туздуу тамак гипертонияга алып келет

Тез татымдар жана колбасаны көп жеген адамдар гипертония оорусуна чалдыгат. Бул тууралуу Акбай Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Япония окумуштуулары туздун зыяндуулугун аныктаган соң аталган өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгон адамдардын саны эки эсеге азайган.

"Туздуу тамак — гипертониянын камчысы. Японияда 1960-70-жылдары инфаркт, инсульт, гипертониядан каза болгон адамдардын саны абдан көп болчу. Себеби япондуктар туздалган тамакты көп жешчү. Качан окумуштуулары туздуу тамак зыян экендигин аныктагандан кийин алар элге байма-бай кайрылып, тамактагы туздун өлчөмүн азайтууну сунушташкан. Япондордун менталитети башка, биздикиндей эмес, кеңешти дароо кабыл алышат. Жыйынтыгында 2000-жылдарга карата жүрөк оорусунан каза болгон япондуктардын саны 60 пайызга төмөндөдү. Ошондуктан апалар балдарын кичинекей кезинен ашыкча туздалбаган тамакка көндүрүшү керек. Тез татым, колбаса сыяктуу кайра иштетилген азыктарды дагы ашыкча жебеш керек, анткени алардын курамында туздун өлчөмү көп болот", — деди Сарыбаев.

Ошондой эле ал тез татым, колбаса азыктарынан адам семирип кетерин кошумчалап өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0