Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: циркке кандай жетекчи келиши керектиги мыйзамда көрсөтүлгөн

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов цирк мамлекеттик мекеме болгондуктан, анын жетекчилигине кандай киши келиши керектиги мыйзамда белгиленгендигин айтты.
Жаманкулов: циркке кандай жетекчи келиши керектиги мыйзамда көрсөтүлгөн

Цирктин жетекчиси мыйзам боюнча үч жылдан кем эмес административдик башкаруу кызматында иштеген, ушул тармакта жогорку билими бар адам болуусу шарт. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна билдирди.

Анын айтымында, министрлик учурда көрсөтүлүп жаткан талапкерлердин өзү жана программалары менен таанышып чыкты.

"Цирк жеке ишкана болбогондуктан мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга баш ийүүсү зарыл. Ал эми тиешелүү мыйзамдарда административдик башкаруу кызматында үч жылдан кем эмес эмгектенген, бул багытта жогорку билими бар адам жетекчи боло алат деп көрсөтүлгөн. Андыктан, биз ылайыктуу талапкерди карап жатабыз. Цирк башка маданий мекемелерден айырмаланып, өзүн-өзү камсыздап кете ала турган жай. Аларга мыкты менеджер керек болуп турат. Цирктин учурдагы абалын, келечектеги потенциалын эске алуу менен биз жаңы шайлана турган жетекчиге үч айлык, алты айлык, бир жылдык талаптарды коебуз. Биздин максат — мекеменин деңгээлин көтөрүү. Министрлик талапкерлердин кимдир бирөөсүнө бут тосуп же атайын дайындабай коюп жаткан жок. Бардыгы мыйзам чегинде каралат", — деди Жаманкулов.

Ал маселе жакынкы күндөрү чечилерин жана Маданият министрилигинин эшиги бардык тиешелүү маселелер боюнча түз кайрылууга ачык экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0