Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дамир уулу: Кыргызстандагы 23 тоо лыжа базанын 17си гана иштеп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу кышкы туризмге келген туристтердин саны жыл санап өсүп жатканын айтты.
Дамир уулу: Кыргызстандагы 23 тоо лыжа базанын 17си гана иштеп жатат

Кыргызстандагы тоо лыжа базаларынын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жайгашкан. Бул тууралуу Максат Дамир уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жалпы 23 тоо лыжасы бар болсо, бүгүнкү күндө алардын 17си гана иштеп келүүдө.

"Кыргызстандагы 23 тоо лыжа базанын көпчүлүгү Советтер Союзунан калган. Ушу тапта 17си гана иштеп, эс алуучуларга кызматын көрсөтүп келүүдө. Басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жайгашкан. Мындан сырткары, Ысык-Көлдө да бар экени баарыбызга маалым. Ошондой эле Нарын аймагында да жергиликтүү калкка ылайыкташтырылган тоо лыжа базасы ачылды. Жыл санап биздин өлкөнү көрүүгө кызыкдар туристтердин саны өсүүдө", — деди Дамир уулу.

Ал кышкы туризм үчүн Кыргызстанга Россиядан туристтер көп келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0