Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Тиллаев: алайлык шайлоочуларым мага костюм-шым кийип келе албайт

© Sputnik / Асель АкматалиеваДепутат Таабалды Тиллаев. Архив
Депутат Таабалды Тиллаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Таабалды Тиллаев парламентке келген айрым конокторго дресс-код боюнча жеңилдиктерди берүүнү колдой турганын айтты.
Тиллаев: алайлык шайлоочуларым мага костюм-шым кийип келе албайт

Жогорку Кеңешке кийим боюнча атайын талаптар V чакырылыштын депутаттары тарабынан киргизилген. Бул тууралуу Таабалды Тиллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кийимге болгон талап регламенттин 145-беренесинин 2-пунктунда так көрсөтүлгөн.

"Бул маселени бир тараптуу караганга болбойт. Мисалы, мага алайлык шайлоочуларым 1100 чакырым алыстыктан келишет. Алардын баары эле костюм-шым кийип келгенге мүмкүнчүлүгү жок. Экинчи жагын карасак, парламент бизде бирөө эле, бул жерге чет элдик меймандар, делегациялар келип турат. Андыктан, дресс-кодду да сактоо зарыл. Бирок жеке оюмда кийимге болгон талапты айрым категорияларга жеңилдетүү зарыл", — деди Тиллаев.

Ал кесиптеши Дастан Бекешевдин ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жеңилдик берүү боюнча сунушун колдой турганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0