Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Орчунова: дресс-кодго ылайык, аткаминер никелүү болсо шакек тагынышы керек

© Фото / Виктория БарСтилист Гулзат Орчунова
Стилист Гулзат Орчунова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Стилист Гүлзат Орчунова мамлекеттик чиновниктер көп учурда дресс-кодду сактабай, туура эмес айкалыштагы кийимдерди, аксессуарларды тагынып жүргөндүгүн айтты.
Орчунова: дресс-кодго ылайык, аткаминер никелүү болсо шакек тагынышы керек

Мамлекеттик мекемелерде иштеген аткаминерлер туура кийинүү мыйзамына ылайык, үч түстөгү гана костюм-шымды кие алат. Бул тууралуу Гүлзат Орчунова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аял аткаминерлер үчүн дагы атайын туура кийинүүнүн тартиби бар.

"Кызматтык дресс-кодго ылайык, аткаминер никелүү болсо шакек тагынуусу шарт. Андан сырткары, тагынган саатынын баасы үч айлык маянасынын суммасынан ашпашы керек. Ошондой эле билериги темир эмес, булгаарыдан болуусу талапка ылайык. Ал эми мырзалардын костюм, шымдарынын өңү күрөң, боз жана кочкул көк түстө болгону туура. Кара түстөгү костюм-шым кечки саат бештен кийин атайын иш-чара, кечелерге кийиле турчу кийимдердин катарына кирет. Аял аткаминерлер аксессуарлардан шакек, сөйкө тагынышат, бирок алар иш учурунда күмүштөн жана алтындан, чоң эмес көлөмдө болуусу шарт. Жалтыраган бижутерийлерди кечки саат бештен кийин атайын кечелерге, иш-чараларга тагынуу зарыл", — деди Орчунова.

Ал ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер көп учурда бул эрежелерди сактабагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0