Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чыныбаев: жайма базардагылар чыгашасыз кирешеге иштеп көнүп калган

© Фото / Аман АлимухамбетовБишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев
Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын Ленин райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Чынасыл Чыныбаев "Ош" базарынын тегерегин иретке келтирүү иштери улана тургандыгын маалымдады.
Чыныбаев: жайма базардагылар чыгашасыз кирешеге иштеп көнүп калган

Эски Административдик кодекс боюнча көчөдө мыйзамсыз соода-сатык кылгандарга 300-600 сомго чейин айып пул каралган. Бул тууралуу Чынасыл Чыныбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы кабыл алынган Жаза кодексине мыйзамсыз соода кылгандар тууралуу беренелер кирбей калган.

"Эски Административдик кодекс боюнча мыйзамсыз соода кылгандарга 600 сомго чейин айып пул каралган. Ал эми жаңы Жаза кодексине иретсиз соода-сатыкка карата беренелер кирбей калган. Ошондуктан башаламан соода кылгандарга айып пул кароо маселесин сунуштаганы турабыз. Биз иретсиз ишкерлик кылгандарды кууп салбастан, мүмкүнчүлүккө жараша базардын ичинен бош орундарды таап берүүгө да аракеттерди көрүүдөбүз. Бирок ал жакка эч ким барбай жатат. Себеби ижара акысын төлөөдөн качышат. Ишкердик кылгандыгы үчүн патент алгылары келбейт. Ал эми жайма базардагылар чыгашасыз кирешеге иштеп көнүп калган", — деди Чыныбаев.

Анын айтымында, жайма базарга 300-500гө жакын адам чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0