Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мавлянова: жергиликтүү авиакомпанияларга жеңилдиктерди берүү каралат

© SputnikДепутат ЖК Махабат Мавлянова
Депутат ЖК Махабат Мавлянова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖКнын Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү, депутат Махабат Мавлянова "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамында кабыл алынган "Ачык асман" долбоору жүргүнчүлөргө чет мамлекеттерге Бишкектен түз каттамдар аркылуу анча кымбат эмес учууга шарт түзөрүн айтты.
Мавлянова: жергиликтүү авиакомпанияларга жеңилдиктерди берүү каралат

Кабыл алынган жаңы мыйзамдын негизинде атаандаштык күчөп, жергиликтүү авиакомпанияларга кыйынчылык жаралбашы үчүн бир топ жеңилдиктерди берүү керек. Мындай пикирин Махабат Мавлянова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам ишке кирсе эле ички каттамдарга билет баасы арзандап кетпейт.

"Аба кодексине өзгөртүүлөр киргизилсе, өлкө ичинде учуу арзандап кетет деген жаңылыштык. Бул мыйзам чет мамлекеттик авиакомпаниялардын Кыргызстан аркылуу жана Кыргызстанга учушуна гана жол ачат. Ошонун негизинде атаандаштык күчөп, жергиликтүү компаниялар баасын арзандатышы мүмкүн. Бирок биздин ата мекендик авиакомпаниялардын атаандаштыкка туруштук бере турган чама-чаркы барбы? Бул өзүнчө маселе. Андыктан аларга жардам иретинде салыктардын айрым түрлөрүнөн бошотуу, дагы башка жеңилдиктерди берүүнү Жогорку Кеңеш 22-январдагы комитеттин жыйынында карап чыгат. Бул боюнча сунуш даярдоо өкмөткө тапшырылган," — деди Мавлянова.

Ал аталган мыйзам чет элдик авиакомпанияларды тартууга, бул багытта өлкөнүн аброюн көтөрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0