Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: адам сүйгөнүнүн бир гана жакшы сапаттарын көрүп калуусу мүмкүн

© Sputnik / Асель АкматалиеваАга окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова. Архив
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова көп жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, бирок баш кошкондон кийин ажырашып кетүүнүн себебин түшүндүрдү.
Бообекова: адам сүйгөнүнүн бир гана жакшы сапаттарын көрүп калуусу мүмкүн

Түгөйлөр узак мөөнөт мамиледе болсо деле бири-бирин толук кандуу тааный албашы мүмкүн. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер жаштар 6-7 жыл сүйлөшүп жүрүп, үйлөнгөндөн соң ажырашып кетсе, анда түгөйлөрдүн бири бул аралыкта "маска" тагынган болушу мүмкүн.

"Адам жакшы көргөн кишисинен уккусу келген сөздү гана угуп, көргүсү келген нерсени гана көрүп калат. Анын мамилесинен өзүнө жаккан тараптарды тандап алып, жакшы көргөн адамын идеалдуу деп эсептегенге аракет кылышы мүмкүн. Мындай учур баш кошкондон кийин түгөйлөрдүн кемчиликтери ачыкка чыгышына алып келип, өз ара келишпестиктерди жаратат. 6-7 жыл чогуу жүрүп, бирок үйлөнгөндөн кийин тил табыша албай калса, демек бул аралыкта бири "маска" кийүүгө уста болуп, чыныгы жүзүн жашырып жүргөн. Экинчиси көргүсү келген гана нерсени көрүп жүрүп, жыйынтыгы ажырашууга алып келет. Жигит да, кыз да бири-биринин жакпай жаткан сапаттарын ачык айтып, сүйлөшүп алуусу өтө маанилүү. Ал эми бир-эки жолу көрүшүп эле баш кошуп, бактылуу жашап кеткендер психологиялык жактан турмуш курууга даяр болгон учурда үйлөнгөндөр болушу мүмкүн", — деди психолог.

Бообекова үй-бүлө курууга жигит көбүрөөк даярданышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0