Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдуллаев: Азия континетинде эки футбол менталитети бар

© Sputnik / Табылды КадырбековСпорт баяндамачы Эркинбек Абдуллаев
Спорт баяндамачы Эркинбек Абдуллаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спорт баяндамачы Эркинбек Абдуллаев футбол боюнча Азия чемпионатынын 1/8 бөлүгүндөгү оюн Кыргызстан курамасы үчүн өтө татаал боло тургандыгын айтты.
Абдуллаев: Азия континетинде эки футбол менталитети бар

21-январда Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлиги менен ойнойт. Бул жерде атаандаштын артыкчылыгы — өз үйүндө ойной турганында. Бул тууралуу Эркинбек Абдуллаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, биздин команданын дагы дымагы күчтүү. Александр Крестинин өлкө тарыхында мыкты футбол командасын түптөй алды.

"Биздин өлкө өтө оор тайпага туш келди. Түштүк Корея — Азия континентиндеги футбол боюнча чоң держава, Кытай — мамлекеттик деңгээлде бул оюнга көңүл буруп, өнүктүрүүгө аракет кылып келет. Филиппиндердин универсиадаларын өзүм дагы баяндап жүргөм. Ал жакта спорт жогорку деңгээлде. Атаандаштардын ушул артыкчылыктарын эске алып, эксперттер Кыргызстанды тайпадагы аутсайдер катары кабыл алышты. Акыркы орун менен үйгө жөнөйт деп турушкан. Бирок мен Кыргызстандын топ лигасын баяндап жүрдүм, ошондогу спортчуларыбыздын деңгээлин жакындан көрүп, тайпадан чыгабыз деген үмүтүм бар болчу. Чындыгында иш жүзүндө биздин курама мен күткөндөн дагы мыкты болуп чыкты. Биз азыр дагы деле жайында Россияда өткөн дүйнө чемпионатынын күүсүнөн, атмосферасынан чыга албай турганда Филиппин өлкөсүн уткандыгыбыздан улам терибизге батпай кубанып турган учур болуп турат. БАЭ менен оюн оңой болбойт, себеби алар өз үйүндө ойношот, күйөрмандардын колдоосу болуп көрбөгөндөй болору шексиз. Андан сырткары, алар чындыгында күчтүү команда. Экинчи кабатта, комбинацияларында дагы мыкты оюн көрсөтүп жатышат. Негизи, Азияда футболдун эки менталитети бар. Чыгыш Азия — толеранттуу, маданияттуу, тартиптүү ойношот, Жакынкы Чыгыш — көбүнесе күчкө таянып оюн көрсөтүшөт. Бирок ал биз үчүн тоскоол болбошу керек, Александр Крестинин өлкө тарыхында эң мыкты курама команданы түптөй алды", — деди Абдуллаев.

Ошондой эле ал күйөрмандардан БАЭ менен болгон оюнда Кыргызстан курама командасын жакшылап колдоп берүүсүн өтүнөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0