Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Калыкеев: шаарда 40тан ашуун контейнерден жасалган милиция бөлүмчөлөрү бар

© Sputnik / Досхан НусупбековБишкек ШИИББдин башчысынын биринчи орун басары Нурбек Калыкеев. Архив
Бишкек ШИИББдин башчысынын биринчи орун басары Нурбек Калыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек ШИИББдин башчысынын биринчи орун басары Нурбек Калыкеев шаардагы контейнерлерден жасалган милиция бөлүмчөлөрү мэриянын көмөгү менен ишке ашкандыгын маалымдады.
Калыкеев: шаарда 40тан ашуун контейнерден жасалган милиция бөлүмчөлөрү бар

Учурда андай милиция бөлүмчөлөрүнүн саналуусу гана иш алып барууда. Бул тууралуу Нурбек Калыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, темир контейнерлер аба ырайынын өзгөчөлүктөрүнө ыңгайлаштырылбагандан улам ал жерде иш алып баруу кыйын.

"Борбор калаада андай темир контейнерлерден жасалган 40тан ашуун милиция бөлүмчөсү бар. Ал мэриянын жардамы менен ачылган жайлар. Бирок учурда кыш маалында ал жерде иштөө өтө кыйын. Себеби темир контейнерлер коюлуп жатканда жылуулук берүү жолдору каралган эмес. Жакында шаарды өзүм кыдырып чыктым. Ал бөлүмчөлөр 100 пайыз иштеп жатат дегенден алысмын. Буга жүйөлүү себептер бар. Мэрдин, шаардык кеңештин атына мындай темир контейнерлерге аба ырайынын өзгөчөлүктөрүнө жараша шарттарды түзүп берүү боюнча кат жаздым", — деди Калыкеев.

Ошондой эле ал убагында темир контейнерлерден ачылган милиция бөлүмчөлөрү шаар тургундарынын ыңгайлуулугу үчүн ачылгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0