Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шекенов: Бишкекте чарчы метри 300-350 долларлык батир сатып алууга болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин куратору Адисбек Шекенов. Архив
Жаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин куратору Адисбек Шекенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаш ишкерлер ассоциациясынын курулуш комитетинин куратору Адисбек Шекенов курулуш компанияларына мамлекет тарабынан колдоо керектигин айтты.
Шекенов: Бишкекте чарчы метри 300-350 долларлык батир сатып алууга болот

Коомчулукта Бишкекте жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйлөр кымбат дешет. Мунун ар кандай себептери бар. Борбор калаадан деле чарчы метри 300-350 долларга бааланган батир алса болот, бирок кардардын бардык талабына жооп бере турган турак жай болбой калышы мүмкүн. Мындай пикирин Адисбек Шекенов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы батирлердин баасы биринчи кезекте анын жайгашкан жеринен көз каранды.

"Казакстан, Өзбекстанда атайын план түзүлүп, ошонун негизинде үйлөр түшүп, кичирайондор курулат. Мамлекет курулуш компаниясына үй курууга буюртма берет, алар ошол курулуш иштерин талапка ылайык аткарып коюшат, бүттү. Ал компания үйдүн коммуналдык кызматы, ээлеген жери, дагы башка маселелери менен иши болбойт. Мунун баарын мамлекет өзү чечет. Бизде, тилекке каршы, мындай мүмкүнчүлүк жок. Бардык ишти курулуш компаниялары өздөрү жасайт. Алар там салууга жерди сатып алуу үчүн эле 1-2 жыл убакыт коротот. Бул процесс мыйзамда 40 жумушчу күндөн ашпаш керек деп жазылса дагы иш жүзүндө андай эмес. Ал эми жер тилкелери жайгашкан аймагына карап наркы чечилет. Эгер борбордон алыс, жашоого керектелүүчү шарттар анчейин түзүлбөгөн район болсо, арзан болот. Мындай жерлерге коммуналдык кызматтардын айрымдарын гана кошуп, анча чоң эмес үйлөрдү куруп, чарчы метрин 300-350 доллардан саткан компаниялар бар. Мындан сырткары, коммуналдык кызматтардын ар бирин өзүнчө чечиш керек болот. Ошентип батирлердин баасы уламдан-улам жогорулап отуруп, орто эсеп менен чарчы метри 500-550 долларга чыгат. Учурда өлкөдө 500 миңге жакын үй-бүлө турак жайга муктаж экен. Бул көйгөйдү чечүүгө мамлекет курулуш компанияларына көмөк көрсөтүүсү зарыл", — деди Шекенов.

Ал аталган компаниялар курулуш иштерин жүргүзүп жаткан учурда ыксыз текшерүүлөр көп экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0