Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Пирманов: түкүрүүгө каршы акцияны эл убагында колдогон

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Бегалидин Пирманов
ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Бегалидин Пирманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Бегалидин Пирманов жаңы кодекстерде айып пулдар мурдагыдай башаламан болбой, иретке келтирилгендигин айтты.
Пирманов: түкүрүүгө каршы акцияны эл убагында колдогон

Буга чейин "Ыйман" фондусу "Түкүрбө" деген акция өткөргөн. Коомчулук ал акцияны кызуу колдоп, депутаттарга да бул маселе боюнча кайрылуулар болгон экен. Бул тууралуу Бегалидин Пирманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, түкүрүү боюнча айыпка жыгуу видео, сүрөт материалдардын жана күбөлөрдүн тактоосунун негизинде гана ишке ашат.

"Бул мыйзамдар кабыл алынып жатканда коомчулукта "Ыйман" фондусу тарабынан уюштурулган "Түкүрбө" деген акция жүргөн. Анда маселени көпчүлүк кызуу колдогон. Депутаттарга да кайрылуулар болуп, анын негизинде мыйзамга киргизилип, айып пул чегерилген. Айып пулдар эски мыйзамдарда башаламан коюлуп калган. Мисалы, Административдик кодексте 200 сомдон тартып 100 000 сомго чейин деп каралса, айрым бир кылмыштын түрлөрүнө салынган айып пулдар андан аз сумма эле. Жаңы кодекстерде бул мүчүлүштүк оңдолуп, айып пулдар иреттелди. Мисалы, Эреже бузуулар кодексинин эң жогорку айып пулу Жоруктар кодексинин эң аз айып пулу, ал эми Жоруктар кодексине коюлган эң көп айып пул Кылмыш-жаза кодексиндеги эң аз айып пул болуп киргизилди. Түкүрүү боюнча киргизилген айып пул дагы Эреже бузуу кодексинде ушундай тартиптин негизинде белгиленген", — деди Пирманов.

Ал түкүрүү боюнча айып пулдун суммасы өлкөнүн бардык аймактарында бирдей экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0