Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акматов: Баткенде согуш болгон деп илимпоздор аныктама берген

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Нарынбек Акматов
Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Нарынбек Акматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Нарынбек Акматов Баткен согушунун биринчи кампаниясында кыргыз армиясында жада калса байланыш жабдыктары жок болгондугун айтты.
Акматов: Баткенде согуш болгон деп илимпоздор аныктама берген

Жаңы аскердик техникалар, аскерий жабдыктар Баткен согушунун экинчи кампаниясында гана келген. Бул тууралуу Нарынбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун Баткен согушунун 20 жылдыгына арналган эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча жарым-жартылай мобилизация жарыяланып, аскердик комиссариаттар ыктыярчыларга толуп калган.

"1999-2000-жылдары Кыргыз мамлекетинин эгемендүүлүгүнө коркунуч туулду. Халифат орнотобуз дегендердин оюн жок кылганбыз. Ошол кезде жарым-жартылай аскерге жарамдуулар арасында мобилизация жарыяланды. Аскердик комиссариаттар ыктыярчыларга толду. Ошондо кыргыз жигиттеринин рухунун, духунун, намысынын жогору экендигин көрүп сүйүндүм. 2015-жылы Ош шаарында тарых илимдеринин доктору Баткенде чындыгында согуш болгондугу тууралуу аныктама берди. Себеби айрымдары коогалаң, окуя деп жүрөт. Илимпоздор болсо ал конфликтиде авиация, артиллерия, жөө аскерлер тартылгандыгын жүйө келтирди. Чындыгында, Баткен согушунун биринчи кампаниясында бизде жада калса бири-бирибиз менен байланышуу үчүн жабдыктар дагы жок болду. Экинчи жолу эл аралык куралчан топтор кол салганда биз даяр болдук. Жаңы аскерий техника, жабдыктар келди", — деди Акматов.

Ошондой эле ал 1999-жылга чейин өлкө жетекчилиги армияга такыр эле көңүл бурбай койгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0