Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төрөбаев: абактагы айрым саясатчылардын ишин кайрадан кароо керек

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев. Архивное фото
Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев учурдагы өкмөт мүчөлөрү, сот, прокурорлор "заказ" кабыл албай, мыйзамдын негизинде иштеши керектигин айтты.
Төрөбаев: абактагы айрым саясатчылардын ишин кайрадан кароо керек

Азыркы президенттин мөөнөтү бүткөндө башка бирөө мамлекет башчысы болуп келет. Мезгил алмаша берет. Андыктан учурда президенттин кол алдында иштеп жаткандар эч кимдин буюртмасын аткарбай, мыйзамдын гана чегинде иш алпарышы керек. Мындай пикирин Бакыт Төрөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып белгилеп өттү.

Анын айтымында, мурдагы бийликтин буйругун аткарган судья, тергөөчүлөр азыркы учурда деле мурдагы жасаган ишмердүүлүгүнө дал келбеген чечимдерди чыгарып, иштеп жатышат.

"Убакыт өтөт, бийлик алмашат. Бийликке келген ар бир саясатчы өз командасы менен иштейт. Андыктан соттор, тергөөчүлөр, прокурорлор кайсы бийлик келсе ошонун арыгын чаба бербей, мыйзамдын гана чегинде иштеши керек. Мисалга биздин сотторду карап көрсөк, мурдагы бийликтин буйругун аткарып жүрүп эле бийлик алмашса жаңылардын сөзүн сүйлөп калат. Сот, прокурорлордун ушундай иштегенинен улам абакта отурган Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Бектур Асанов сыяктуу калк арасында туура эмес соттолду делинген саясатчылардын ишин кайрадан карап чыгыш керек", — деди Төрөбаев.

Ал башкы прокурор жогоруда аты аталган саясатчылардын ишин президентти карап отурбай өз алдынча кайрадан карап чыгуусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0