Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакетаев: заманбап химиялык реагенттерге өтүү — замандын талабы

© Фото / пресс-служба Минфин КРБакетаев Алмаз Кушбекович.
Бакетаев Алмаз Кушбекович. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев 2018-жылы шаар боюнча беш көпүрө курулгандыгын маалымдады.
Бакетаев: заманбап химиялык реагенттерге өтүү — замандын талабы

Сапаты жагынан күмөн жараткан жаңы салынган жолдор болсо, келишим боюнча ал учурда жоопкерчиликти жолду курган компания жана техникалык көзөмөл жүргүзгөн орган алып, мүчүлүштүктөрдү жоюшу керек. Бул тууралуу Алмаз Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылы Бишкек шаарынын кичирайондорундагы ички жолдорго өзгөчө көңүл бурулган.

"2018-жылы беш көпүрө курулду, конуштардагы, шаар ичиндеги ири жолдор калыбына келтирилди. Көптөн бери көңүл бурулбай келген кичирайондордогу ички жолдор, тротуарлар оңдоодон өттү. Алардын узундугу 30-45 чакырымды түзөт. Жолдордун сапаты начар болсо, ага жолду салган компания жана техникалык көзөмөл жүргүзгөн органдар жооптуу болот. Бирок бир белгилей кетүүчү жагдай бар. Мына азыр, кыш мезгилинде жолдордогу музду эритүү үчүн реагенттер төгүлүп жатат. Алар учурдун талабына жооп бербейт. Жолду тез бузат. Ошондуктан жаңы, зыяндуулугу төмөн, заманбап химиялык реагенттерге өтүүгө мезгил жетти. Андай реагенттерди көп эле жерде колдонуп жүрүшөт. Биз дагы ушул боюнча иштей башташыбыз керек", — деди Бакетаев.

Ошондой эле ал 2019-жылы темир жолду тешип өтүүчү үч жолдун курулушу пландалып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0