Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Айтымбетов: Октябрь районунда спорт аянтчаларынын саны 15тен ашты

© Sputnik / Табылды КадырбековОктябрь районунун акими Ренат Айтымбетов. Архив
Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь районунун акими Ренат Айтымбетов 2018-жылы аталган райондо көптөгөн иштер аткарылганын айтты.
Айтымбетов: Октябрь районунда спорт аянтчаларынын саны 15тен ашты

2018-жылы Октябрь районунда спорт аянтчасынын саны 15тен ашты. Бул тууралуу Ренат Айтымбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, былтыр катар бир нече балдар аянтчаларынын абалы жакшырган.

"Районубузда спорт аянтчаларынын саны 15тен ашты. Алардын ичинен басым жасап 12-кичирайондогу 13 көп кабаттуу үйдүн алдына курулган чакан эс алуучу жайды айта алабыз. Муну менен катар эле мэриянын колдоосу менен бала бакчалар боюнча оңдоо иштерин жүргүздүк. Буюрса, 8-кичирайондо февраль-март айларында дагы бир бала бакча ачылат. Анын аркасынан эле дароо эки бала бакча ачууга аракет кылабыз", — деди Айтымбетов.

Кошумчалалай кетсек, буга чейин ал Октябрь районундагы эки жаңы конушка газ киргизилгендигин маалымдаган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0