Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдиев: апамдын ысымы коюлган китепканага 300 китеп бергенбиз

© Sputnik / Табылды КадырбековСын героини принявшей на свое попечение в годы ВОВ 150 эвакуированных детей из блокадного Ленинграда Токтогон Алтыбасарой Марат Абдиев
Сын героини принявшей на свое попечение в годы ВОВ 150 эвакуированных детей из блокадного Ленинграда Токтогон Алтыбасарой Марат Абдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согуш мезгилинде курчоодогу Ленинграддан келген 150 баланы камкордукка алган Токтогон Алтыбасарованын уулу Марат Абдиев Түп районундагы Ак-Булак айылдык мектебине апасынын ысымы берилгендигин сыймыктануу менен кабыл алгандыгын айтты.
Абдиев: апамдын ысымы коюлган китепканага 300 китеп бергенбиз

Токтогон Алтыбасарова атындагы айылдык китепкана Түп районундагы эң мыкты китепканалардын арасында. Бул тууралуу Марат Абдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ал энесинин ысымы берилген мекемеге байма-бай барып, окуу материалдарын колдонуп турат.

"Өзүм шаарда жашайм. Бирок айылга барган сайын айылдык китепканага баш багып, абалы менен таанышып, окуу куралдарды колдонуп калам. Ал жерден көбүнчө тарыхый китептерди окуганды жакшы көрөм. Тарых боюнча бир топ материалдар бар. Бул мекемеге апамдын ысымы берилгенде апамдын төркүнү 500, биз — балдары 300 китеп белек кылып бергенбиз", — деди Абдиев.

Ошондой эле ал Токтогон Алтыбысарова беш кыз, төрт уулу, 26 небереси бар экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0