Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдыкеев: алты категория милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш

© Sputnik / Табылды КадырбековЖеке менчик камсыздандыруу компаниясынын өкүлү Эрнис Абдыкеев. Архив
Жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын өкүлү Эрнис Абдыкеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке менчик камсыздандыруу компаниясынын өкүлү Эрнис Абдыкеев милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш болгон топтун ичинен унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилиги тууралуу гана мыйзам учурда ишке аша электигин айтты.
Абдыкеев: алты топ милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш

2008-жылы өлкөдө төрт категорияга милдеттүү түрдө камсыздандыруу киргизилген. 2015-жылы ал категорияга эки топ кошулган. Бул тууралуу Эрнис Абдыкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кийинки убакта эл камсыздандыруу компанияларына ишеним артып, камсыздандырган адамдардын саны акырындап өсүп барат.

"2008-жылы жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттун жоопкерчилиги, жумуш берүүчүлөрдүн үчүнчү тарапка болгон жоопкерчилиги, кооптуу өнөр жай объектилериндегилер жана кооптуу жүктөр (күйүүчү майлоочу май унаалары, жардыргыч заттар) милдеттүү түрдө камсыздандырылууга тийиш болсо, кийин турак жай жана унаа ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы кошулду. Бирок азыр алты категориянын ичинен бир гана авто ээлеринин жоопкерчилигин милдеттүү түрдө камсыздандыруу ишке аша элек", — деди Абдыкеев.

Ошондой эле ал турак жайды камсыздандырууда атайын мамлекеттик ишкана дагы түзүлгөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0