11:52 17 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.7838
  • RUB1.0841
Ишкерлер ассоциацияларынын улуттук альянсынын төрагасы Сталбек Акматов
© Sputnik / Исмаил Мамытов

Акматов: Кыргызстанда алгачкы жолу зергерлик боюнча мыйзам даярдалууда

Радио
Кыскача шилтеме алуу
26 0 0

Ишкерлер ассоциацияларынын улуттук альянсынын төрагасы Сталбек Акматов республикада алгачкы ирет зергерлик боюнча мыйзам даярдалып жатканын, бул боюнча депутаттардан жана ишкерлерден турган жумушчу топ иштеп жаткандыгын айтты.

Ушул күнгө чейин зергерлик бизнеси анча-мынча токтомдордун негизинде гана иш жүргүзүп келген. Анын кесепетинен ишкерлер бир топ көйгөйлөргө туш болушкан. Эми атайын түзүлгөн жумушчу топ ишкерликтин бул багыты боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкмакчы. Бул тууралуу Сталбек Акматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда мыйзам долбоору боюнча эксперттер иштөөдө.

"Ушул убакка чейин зергерлик тармагында көп мүчүлүштүктөр болуп келген. Ошол эле салыктардын жогору болушу, сырьенун жоктугу тоскоолдуктарды жаратчу. Кыргызстан алтын, күмүшкө бай мамлекет болгону менен жергиликтүү зергерлерге бир грамм да сырье калбай, баары экспортко чыгып кетчү. Жогорку Кеңештин төрагасы менен аталган кесип ээлери жолугушканда аталган көйгөйлөр айтылып, бул жаатта иреттүү, бышып жетилген мыйзам долбооруна муктаждык келип чыккан. Төрага маселенин чечилишин жеке көзөмөлдөп, депутаттардан, ишкерлерден турган атайын жумушчу топ түзүлүп, эксперттер менен биргеликте Кыргызстанда алгачкы жолу зергеликке тиешелүү толук кандуу мыйзам жазылып чыкмай болду. Ошондой эле зергерлер союзу ички рынокко жок эле дегенде жылына бир тонна алтын, бир тонна күмүш берүүнү суранышты. Ал эми Экономика министрлигинин адистери эсептеп чыгып, жергиликтүү зергерлерге жылына беш тонна алтын, беш тонна күмүш керектелерин айтышты. Мына ушул маселелердин баары жаңы иштелип чыкчу мыйзамда камтылат", — деди Акматов.

Ал аталган мыйзам долбоору Экономика министрлиги тарабынан сунушталарын кошумчалады.

Тема боюнча

Акматов: ишкерликтин айрым тармактарында көмүскө экономика 80 пайызга жетет
Белгилер:
зергер, мыйзамдар, экономика, Сталбек Акматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ