Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: адам бактылуу болбосо, академиялык сабактар эч нерсеге жарабайт

© Sputnik / Асель АкматалиеваКандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова
Кандидат педагогических наук, психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова жаштардын үй-бүлө курууга даяр болбой жатышынын себебин айтып берди.
Бообекова: адам бактылуу болбосо, академиялык сабактар эч нерсеге жарабайт

Үй-бүлө курууга даярдоо программасы иштебей жаткандыктан, айрым жаштар өмүр бою бир үйдүн түтүнүн булатууга даяр эмесмин деп өтүп баратышат. Бул тууралуу Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы жаштар бардык нерсе даяр болгондо гана баш кошуу керек деген көз карашта.

"Турмушка чыгууга же турмуш курууга даяр эмес болуу — жаштар тарабынан караганда туура эле нерсе. Муну менен катар эле ата-энелердин баласына же кызына "үй-бүлө кур" деп айтканы да нормалдуу көрүнүш. Азыркы жаштар материалдык жактан баары даяр болгондо үй-бүлө куруу керек деген көз карашта. Мунун оң да, терс да жактары бар. Биз аз калкпыз. Саныбыз аз болуп картаюу процессинде жүрө берген жакшы нерсе эмес. Көпчүлүк жаштардын үй-бүлө курууга даяр болбой жатышынын себеби бул жаатта атайын бир программанын иштебей жатышы болуп саналат. Мектептерде ар кайсы багытта сабактар өтүлүп, бирок үй-бүлө курууга кантип даярданыш керектиги тууралуу маалымат көп бериле бербейт. Эгер адам жашоодо бактылуу болбосо, академиялык сабактардан ийгиликтүү болуусу көп деле мааниге ээ болбой калат", — деди Бообекова.

Психолог уяны ургаачы курарын, үй-бүлөнүн ынтымыгы көбүрөөк аялдан көз каранды болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0