Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Турусбекова: бардык банктардан күрөөсүз насыя алуу мүмкүн эмес

© Sputnik / Эркин СадыковКоммерциялык банктардын биринин Бишкек филиалынын жетекчисинин орун басары Индира Турусбекова. Архив
Коммерциялык банктардын биринин Бишкек филиалынын жетекчисинин орун басары Индира Турусбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринин Бишкек филиалынын жетекчисинин орун басары Индира Турусбекова өлкөдөгү банктардын баарынан күрөөсүз насыя алуу мүмкүн эместигин айтты.
Турусбекова: бардык банктардан күрөөсүз насыя алуу мүмкүн эмес

Күрөөсүз жана кепилдиксиз насыяны өлкөнүн айрым гана банктарынан алууга болот. Анын суммасы 100 миң сомдон ашпашы керек. Бул тууралуу Индира Турусбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, республика аймагындагы бардык банктарда 100 миң сомдон ашык насыя алуу үчүн күрөө жана кепилдик талап кылынат.

"Кардар 100 миң сомго чейинки насыяны айрым банктардан күрөөсүз жана кепилдик берүүчү башка адамдын жардамысыз ала алат. Бирок мындай шартты бардык эле банктар түзүп бере бербейт. Ал эми аталган суммадан жогору өлчөмдө насыя алуу үчүн өлкөдөгү бардык банктар кепилдик жана күрөө талап кылат. Кепилдик берүүчү адам кардар насыяны төлөй албай калган учурда анын карызын төлөп бере алгыдай болушу шарт", — деди Турусбекова.

Ал күрөөгө насыя алуучунун же кепилдик берүүчүнүн кыймылсыз же кыймылдуу мүлкү коюларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0