Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ишекеев: улуттук баалуулуктарды сактоону үйрөтүүдө энелердин орду чоң

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Назаркул Ишекеев
Председатель Национальной комиссии по государственному языку при Президенте КР Назаркул Ишекеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев кыргыз тилин окутууда ЖОЖдор жакшы иштебей жаткандыгын айтты.
Ишекеев: улуттук баалуулуктарды сактоону үйрөтүүдө энелердин орду чоң

Улуттук баалуулуктарды үйрөтүүдө энелердин орду чоң. Анткени балдар кичиникей курагында эне тилинин, улутунун мыктылыгын угуп чоңойсо, андан өз элин, жерин сүйгөн инсан чыгат. Мындай пикирин Назаркул Ишекеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөт кыргыз тилин өркүндөтүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине атайын акча бөлүп келет.

"Кыргызстанда кыргыз тилинин өнүкпөй жатышына эки чоң себеп бар. Албетте, биринчиден эне мектеби мыкты болушу керек. Апалар балдарына эне тилинин ордун, жоопкерчилигин түшүндүрүп тарбия берсе, ал баладан улуттук баалуулуктарын аздектеген инсан чыгат. Ошондой эле олуттуу көйгөй билим берүү тармагында. Кыргыз тилин өркүндөтүү үчүн өкмөт тарабынан атайын каражат бөлүнгөнү менен методикалардын эскилиги, тиешелүү министрликтин начар иштөөсү иштин чабал жүрүүсүн шарттоодо. Айрым окуу жайлардын аракети жакшы, бирок көпчүлүк ЖОЖдор бул багытта эч нерсе жасабай жатат",— деди Ишекеев.

Ал мамлекетте тилдин ордун бекемдөөдө дароо эле жыйынтык көрсөтүү мүмкүн эмес экендигин, азыркы жасалып жаткан иштердин үзүрүн кийинки муун көрөрүн кошумчалады.

Профессордун бул боюнча пикирин тексттеги аудиодон кенен уксаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0