Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Керималиев: республикада эки миңден ашуун күнөскана бар

© SputnikАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев. Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев күнөскана чарбачылыгы министрлик алдындагы приоритетүү багыттардан экендигин маалымдады.
Керималиев: республикада эки миңден ашуун күнөскана бар

Күнөсканалардын иши жолго салынды. Учурда өлкө аймагында эки миңден ашуун күнөскана бар. Ошол эле учурда чечилбей турган көйгөйлөр дагы жок эмес. Бул тууралуу Жаныбек Керималиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай жайларда өстүрүлгөн жашылча-жемиштер ички рыноктун керектөөсүн камсыздап, продукцияларын экспортко дагы чыгарышат.

"Күнөскана биз үчүн приоритеттүү багыттардын бири. Аны өнүктүрүү боюнча иштер эки жылдан бери кызуу жүрүүдө. Өстүрүлгөн продукция өлкөдөгү эле керектөөнү камсыздабастан, түшүм экспортко дагы чыгарылат. Бирок өлкөдөгү эки миңдин тегерегиндеги теплицалардын ичинен иштебей калгандары дагы бар. Чече турчу көйгөй көп. Ошол эле күнөсканада адистер, агрономдор иш алып баруусу зарыл. Алар жетишпейт. Топуракты кайра-кайра иштеткенден улам жер кыртышы катуулайт. Анын топурагын туура которуп туруу керек. Мына ушундай маселелерден улам айрым күнөсканалар иштен чыгып калган учурлар болот. Бирок чет өлкөдөн адистер менен кызматташып, алар кеп-кеңешин берип, тажрыйба бөлүшүп турат", — деди Керималиев.

Ошондой эле ал Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги бул жаатта Кореянын "Дамгук" университетинин адистери менен кызматташып жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0