Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурманбетов: автоинспектор айдоочуга сылык мамиле жасаш керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваСтарший инспектор Главного Управления патрульной милиции МВД Ахмед Нурманбетов
Старший инспектор Главного Управления патрульной милиции МВД Ахмед Нурманбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын ага тескөөчүсү Ахмед Нурманбетов жол инспектору айдоочунун кетирген катасын түшүндүрүп берүүгө милдеттүү экенин айтты.
Нурманбетов: автоинспектор айдоочуга сылык мамиле жасаш керек

Жол кыймылын жөнгө салган кызматкерлер айдоочуга сылык мамиле жасаш керек. Бул тууралуу Ахмед Нурманбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, унаасын токтоткон айдоочуга автоинспектор өзү басып барууга милдеттүү.

"Биздин кызматкерлер айдоочу жол эрежесин бузган учурда кетирген катасын так жана сылык түшүндүрүп берүүгө тийиш. Айрым учурда насаат иштери да жүрүп кетет. Мындай көрүнүш, албетте, туура эмес. Айдоочуну жол эрежесин бузганда тосуш керек. Кээде план боюнча атайын текшерүү иштери жүргөн маалда бардык унааларды жол эрежесин бузбаса да токтотууга болот. Башка учурда эреже бузулбаса, инспекторлор токтотконго укугу жок. Ал айдоочуга өзү басып барып, кайсы эрежени бузгандыгын түшүндүрүп, айып пулдун суммасын айтууга тийиш. Андан кийин документтерин алып, протокол толтуруп, убактылуу күбөлүгүн берип, узатып коюш керек", — деди Нурманбетов.

Ал мындан ары коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларга 1000 сом айып салына турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0