Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төрөбаев: айыл чарба министрлигин жоюу эмес, өркүндөтүү зарыл

© Sputnik / Жоомарт УраимовГлава фракции "Онугуу — Прогресс" Бакыт Торобаев
Глава фракции Онугуу — Прогресс Бакыт Торобаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине мамлекет тарабынан акча бөлүнүшү керектигин айтты.
Төрөбаев: айыл чарба министрлигин жоюу эмес, өркүндөтүү зарыл

Айыл чарба министрлигин жоюп салсак эле көйгөй чечилип кетпейт. Тескерисинче, биз аны күчтөндүрүшүбүз керек. Мындай пикирин Бакыт Төрөбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган министрликтин жылдык бюджети 1 миллиард 300 миллион сомду түзөт жана анын 80 пайызы суу чарба комитетинин кызматкерлеринин айлык акысына жумшалат.

"Кыргызстан айыл чарбачылыгы менен ийгиликтерге жетише ала турган өлкө. Андыктан, аталган министрликти жоюп салбай, тескерисинче бюджетин көбөйтүшүбүз зарыл. Мамлекет бул тармакта кандайдыр бир иштерди жасаганга министрликке акча бербейт. Башка мамлекеттерде айыл чарба министрлигине чоң көлөмдөгү каражат каралып, алар жылына кайсы продукцияны кандай көлөмдө өндүрүшү керектиги тууралуу тапшырма берилет. Министрлик ошол коюлган пландын негизинде иштеп, алдын ала божомол жүргүзүп, экспорт иштерине жигердүү катыша алат", — деди Төрөбаев.

Депутат айыл чарба министрлигинин ишин өркүндөтүү үчүн каражат бөлүнгөндөн кийин бардык облустардын  өзгөчөлүктөрүнө карап, өндүрүлчү продукцияларды бөлүштүрүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0