06:40 14 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8482
  • EUR78.0693
  • RUB1.1166
Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу, коммуникация бөлүмүнүн башчысы Мелисбек Эржигитов. Архивное фото
© Sputnik / Асель Акматалиева

Эржигитов: нотариустардын кызмат акысын көтөрүүгө министрлик каршы чыкты

Радио
Кыскача шилтеме алуу
54 0 0

Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу, коммуникация бөлүмүнүн башчысы Мелисбек Эржигитов ишеним кат менен транспортту башкаруу келечекте документ боюнча катталган унаа ээсине көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экендигин билдирди.

Учурда 300 миңге жакын айдоочу унааларын ишеним кат менен айдап жүрөт. Эгерде "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргизилсе, анда транспорттун документ боюнча катталган ээси күтүлбөгөн жагдайларга туш болот. Бул тууралуу Мелисбек Эржигитов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып маалымдады.

Анын айтымында, буга чейин ишеним кат менен айдап жүргөн айдоочуларга байланыштуу эки күтүлбөгөн жагдай орун алган.

"Буга чейин унааны кайра каттатуу боюнча үч айлык кампания өткөн. Анда 124 миң адам машиналарынын документтерин тууралаганга жетишти. Көбү маселеге көңүл кош карап жатат. Буга мисал катары эки факты бар. Лексус үлгүсүндөгү унааны ишеним кат аркылуу саткан адам каза болуп калып, кийин ошол адамдын баласы мураскер катары сот аркылуу ишеним кат менен айдап жүргөн адамдан унаасын алып койду. Себеби ал унааны сатып алган соң өзүнө каттаткан эмес. Экинчиси деле ушуга окшогон окуя. Нотариус аркылуу ишеним кагаз сатып алуу процесстерин жүргүзүү оңой, бирок келечекте коопсуз эмес. Ошондуктан биз нотариустардын кызмат акысын көтөрөлү десек, Юстиция министрлиги каршы чыкты. Көрсө, транспортко ишеним кат жазуудан аталган мекемелерге көп каражат түшөт экен", — деди Мелисбек Эржигитов.

Ал белгилегендей, эгерде кызмат акы көтөрүлсө, нотариуска барып кат алуунун кажети болбой калмак.

Тема боюнча

Эркектерди таң калтырды. Автоунаанын тетиктерин жатка билген кыздын видеосу
Белгилер:
ишеним кат, нотариус, транспорт, Коопсуз шаар, Мелисбек Эржигитов

ЭҢ МААНИЛҮҮ