Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сабыров: төлөм картасын колдонуудагы негизги эреже — пин-кодду жашыруун сактоо

© Sputnik / Досхан НусупбековКоммерциялык банктардын биринде карталарды тейлөө жана банктык кызматтар бөлүмүнүн адиси Рыскелди Сабыров. Архив
Коммерциялык банктардын биринде карталарды тейлөө жана банктык кызматтар бөлүмүнүн адиси Рыскелди Сабыров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коммерциялык банктардын биринде карталарды тейлөө жана банктык кызматтар бөлүмүнүн адиси Ырыскелди Сабыров кардарлар төлөм картасын алаарда аны менен кошо берилген маалыматтык баракча менен сөзсүз таанышып чыгуу керектигин айтты.
Сабыров: төлөм картасын колдонуудагы негизги эреже — пин-кодду жашыруун сактоо

Төлөм картасын колдонгондо пин-кодду жашыруун сактоо — коопсуздуктун биринчи талабы. Ал төрт орундуу сандан турат. Бул тууралуу Ырыскелди Сабыров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, банктык карта менен интернет аркылуу төлөм жүргүзүүдө алгач ошол сайттын расмий иштеп жатканын тактап алган туура.

"Кардарлар банктык картага ээ болгондо маалыматтык баракча кошо берилет. Көпчүлүк учурда ага көңүл буруп, окубай коюшат. Бирок бул абдан маанилүү маалымат. Мисалы, анда пин-кодду жашыруун сактоо канчалык деңгээлде кардарга керек экендиги айтылат. Төлөм картасын колдонуудагы башкы эреже — пин-кодду сыр сактоо. Аны карта менен кошо алып жүрүү, ага жазып коюуга болбойт. Албетте, коркунуч жаралган учурда алмаштырып алса болот. Ошентсе да оңой сандардын топтомунан, автоунаанын номерин, туулган датаңызды пин-кодго коюуну сунуштабайбыз", — деди Сабыров.

Ал ошондой эле банк эч качан кардардын пин-кодун башка бир максатта колдонбостугун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0