22:42 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Бишкек шаар мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова. Архив
© Sputnik / Асель Акматалиева

Алмамбетова: шаарды жасалгалоодо акчаны сарамжалдуу пайдаландык

Радио
Кыскача шилтеме алуу
73 0 0

Бишкек шаар мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова быйыл борбор калааны жаңы жылга жасалгалоого былтыркыга салыштырмалуу төрт эсе аз каражат жумшалгандыгын маалымдады.

Былтыр шаарды бул датага карата көрктөндүрүү иш-чарасына 18 миллион сом жумшалган. Быйыл ага сарпталган каражат 4 миллион сомдун тегерегин түзөт. Бул тууралуу Гуля Алмамбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, шаардык мэрия калаанын ар кайсы аймагына 20 жаңы жылдык балаты орноткон.

"Борбордук аянттан сырткары балатылар райондук администрацияларда, Даир Асанов атындагы сейил багында, Арча-Бешик, Мурас-Ордо, Кара-Жыгач, Эне-Сай жаңы конуштарына коюлду. Ар бир аймактык башкармалыктар атайын концерттик программа уюштуруп, тургундарга жагымдуу маанай тартуулоо боюнча иш алып барууда. Борбордук аянтка орнотулган балатынын жасалгалоосу 1 миллион сомдун тегерегинде болду. Жалпы шаардын көрктөндүрүүсүнө быйыл 4 миллион сомдой каражат жумшалса, былтыр ал каражаттын суммасы 18 миллион сомду түзгөн болчу. Быйыл ар бир сомду сарамжалдуу колдонгонго аракет кылдык", — деди Алмамбетова.

Ошондой эле ал 1-декабрдан 31-декабрга чейин шаардын мыкты райондорун, жаңы конуштарын аныктоо боюнча атайын конкурс уюштурулгандыгын айтып, анын жыйынтыгы жаңы жыл күнү белгилүү болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Калыкеев: жаңы жылда коомдук тартипке 2300 кызматкер көз салат
Белгилер:
балаты, шаар, Гуля Алмамбетова

ЭҢ МААНИЛҮҮ