Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кушалиева: азыр китептер абдан кымбат

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель библиотеки села Ак-Булак Тюпского района Иссык-Кульской области Гульмира Кушалиева
Руководитель библиотеки села Ак-Булак Тюпского района Иссык-Кульской области Гульмира Кушалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түп районунун Ак-Булак айылдык китепканасынын жетекчиси Гүлмира Кушалиева мекемеге келгендердин басымдуу бөлүгү китептин жасалгалоосуна көңүл бурарын айтты.
Кушалиева: азыр китептер абдан кымбат

Китептин баасы кымбат. Жакшы китептердин баасы 160 сомдон 1000 сомго чейин жетет. Бул тууралуу Гүлмира Кушалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, айылдык китепканага көбүнесе мектеп окуучулары келип, окуу куралдын өңү-түсү жана ички сүрөттөрүнө көп маани беришет.

"Биздин китепканадан бир катар багыттагы окуу материалдарды тапса болот. Медицина, жаныбарлар дүйнөсү, агрария, саясат, педагогика багытындагы материалдар жана мектеп курагындагыларга багытталган таанып билүү бөлүмдөрү бар. Ал эми өспүрүмдөр биринчи кезекте китептин жасалгалоосу, өңү-түсү жана сүрөттөрүнө көңүл бурат. Азыр кызыктуу, жакшы китептер кымбат. Алардын баасы 160 сомдон башталып 1000 сомго чейин жетет", — деди Кушалиева.

Ошондой эле ал айылдык китепканада 2011-жылдан тартып эмгектене баштагандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0