Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Токталиев: өлкөдө 350 туристтик компания бар

© Sputnik / Табылды КадырбековТуризм ассоциациясынын башкаруу кеңешинин жетекчиси Талант Токталиев
Туризм ассоциациясынын башкаруу кеңешинин жетекчиси Талант Токталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм ассоциациясынын башкаруу кеңешинин жетекчиси Талант Токталиев туризм тармагында иш алып барган фирмалардын бирдиктүү маалымат базасын түзүү керектигин айтты.
Токталиев: өлкөдө 350 туристтик компания бар

Өлкөдөгү 350 туристтик компаниянын 80 пайызынан ашыгы чет өлкөдөгү эс алууну сунуштайт. Бул тууралуу Талант Токталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай жагдайдан улам кыргызстандыктардын каражатынын басымдуу бөлүгү чет жакка чыгып жатат.

"350 туристтик компаниянын 80 пайызы кардарларына чет өлкөлүк туристтик пакет, авиабилеттерди сунуштайт. Андыктан мамлекет мындай компаниялардын реестрин түзүп, ал тууралуу маалымат бериши керек. Ар кандай күтүлбөгөн жагдайга кардар камсыздалабы-жокпу, коопсуздугу, банкрот болуп калса турист көчөдө калбайбы деген сыяктуу суроолорго жооп алышыбыз керек", — деди Токталиев.

Ошондой эле ал туристтик компаниялар көп учурда сапатка эмес, кардарлардын санына иштеп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0