Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жумабеков: кыргыз парламентинин тарыхында 27-төрагамын

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз парламенти 80 жылдык мааракесин белгиледи. Бул датанын урматына атайын илимий-тажрыйбалык конференция уюштурулуп, ага парламенттин мурдагы спикерлери, экс-депутаттар чакырылгандыгын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков маалымдады.
Жумабеков: кыргыз парламентинин тарыхында 27-төрагамын

80 жылдык тарыхы бар кыргыз парламентине расмий макам 1938-жылы берилген. Бул жылдар аралыгында парламенттин спикери болуп 26 адам эмгектенген. Бул тууралуу Жогоку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага чакырылган коноктор, кыргыз парламентинин тарыхы, өзгөчөлүгү, артыкчылыгы жана кемчилиги тууралуу сөз кылып, доклад окушту.

"21-декабрда өткөн илимий-тажрыйбалык конференцияга кыргыз парламентинин тарыхындагы экс-спикер, депутаттар, чет өлкөлүк дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты. Алгач өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, иш-чарабызды ачып берди. Конференция ачык өттү, бардык каалоочуларга сөз берилди, ойлорун ортого салууга шарт түзүлдү. Бул 80 жылдык мааракени биз жупуну, коомчулуктун нааразычылыгын жаратпагандай жагдайда өткөрөлү дедик. Ошондуктан бардыгыбызга пайдалуу болот деп илимий-тажрыйбалык конференция уюштурууну туура көрдүк. Ал 2-3 саатка созулду. Муну менен биз ар кандай маараке, тойлорду өткөрүү боюнча жаңы форматты тартууладык десек болот. Майрам 2-3 күнгө узарып, боз үйлөр тигилген жок. Негизи кыргыз парламентинин тарыхы 1938-жылга чейин эле башталган, бирок ага расмий макам ошол жылы берилиптир. Мен учурда парламенттин тарыхындагы 27-төрагамын", — деди Жумабеков.

Ошондой эле ал илимий конференцияда айтылган кеп-кеңештер, сын пикирлер туура кабыл алынгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0