Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Расулова: 24 жашымда 4 баланы төрөп, бир ишкананы тескеп калгам

© Sputnik / Табылды КадырбековDolon style кийим дүкөнү менен ательесинин жетекчиси, дизайнер Мунара Расулова. Архив
Dolon style кийим дүкөнү менен ательесинин жетекчиси, дизайнер Мунара Расулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Dolon style кийим дүкөнү менен ательесинин жетекчиси, дизайнер Мунара Расулова карьера курам деп үй-бүлөдөн кеч калуу туура эместигип айтып, эки нерсени коркпостон чогуу алып кетүү туура деп эсептейт.
Расулова: 24 жашымда 4 баланы төрөп, бир ишкананы тескеп калгам

Айымдар төрөттөн кийин депрессияга кабылбаш үчүн бала багуудан тышкары бир нерсе менен алектенүүсү керек. Бул туурасында дизайнер Мунара Расулова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Өзүнүн тажрыйбасында, эгиз уулдарын бешикке бөлөп коюп түймө түйүп, реставрациялоо иштери менен каражат тапкан.

"19 жашымда эле турмушка чыккам. Мени жолдошум карыган чоң апасын багам деп эле ала качып алыптыр. Ал чоң апасы үчүн айылга кетип, мен шаарда кайын журтум менен калдым. 24 жашымда төрт эркек балалуу болдум. Акыркысы эгиз. Эки баланы эки бешикке бөлөп коюп, түймө түйүп, реставрация менен алектендим. Бир-эки бала менен үйдө отуруп калып депрессияга түшкөн кыз-келиндерди көп эле көрөм. Кайын журт бардыгыбызда эле бар. Сөзсүз бир нерсе менен алектенүү керек. Күйөөсүн күтүп чуу чыгарып отуруунун кажети жок. Бардыгын чогуу алып кеткен жакшы. Балдар биринин аркасынан бири чоңоет", — деди Расулова.

Дизайнер менен болгон кенен маекти Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги даярдаган маектен окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0