Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбалдиева: курулуш тармагы өтө кирешелүү дегендер жаңылышат

© Sputnik / Табылды КадырбековКурулуш компаниясынын финансылык директору Гүлнара Сатыбалдиева. Архив
Курулуш компаниясынын финансылык директору Гүлнара Сатыбалдиева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулуш компаниясынын финансылык директору Гүлнара Сатыбалдиева шаарда турак жайды тургузуу үчүн ыңгайлуу жерди табуу кыйын экендигин айтты.
Сатыбалдиева: курулуш тармагы өтө кирешелүү дегендер жаңылышат

Көп учурда курулуш компаниялары жаңы тургузула турган турак жай аймагына коңшу жайгашкан үй ээлеринин талаптарын аткарууга аргасыз. Бул тууралуу Гүлнара Сатыбалдиева "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, курулуш процессинде пайда болгон бардык көйгөйлөрдү компаниялар өз алдынча чечет.

"Курулуш иштери жүргүзүлө турган аймакка жанаша жайгашкан турак жай ээлери менен сүйлөшүүлөрдү компания өзү жүргүзөт. Мэрия, жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай маселе чечилбейт. Коңшу жайгашкан үй эски, жапыз, урап калган болобу, айырмасы жок. Эң баалуусу — жер болуп эсептелет. Эгерде мындай абал кичирайондордо кездешсе, анда жагдай андан дагы курч. Турак жай тургузула турган аймакта беш көп кабаттуу үй болсо, анын ар биринин өзүнүн талабы болот. Үйдүн чатырын жаап, подъездди оңдоп, балдар аянтчасын куруп бергиле деп чыгышат. Айла жок аткарууга туура келет. Андыктан курулуш компанияларынын иши оңой, өтө кирешелүү дегендер жаңылышат", — деди Сатыбалдиева.

Ошондой эле ал курулуш жүргүзүү үчүн уруксат кагаздарын дайындап, андан жыйынтык чыгуу мөөнөтү эле алты айдан бир жылга чейинки убакытты талап кыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0