Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жолдошев: автоинспекторлордун билимин тереңдетүү керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстандагы эл аралык бейтарап соттун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору Жоомарт Жолдошев
Кыргызстандагы эл аралык бейтарап соттун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору Жоомарт Жолдошев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы эл аралык бейтарап соттун инвестициялык талаш-тартыштар боюнча директору Жоомарт Жолдошев өлкөдөгү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлеринин этикасын жакшыртуу үчүн биринчи кезекте билим деңгээлин көтөрүү керектигин айтты.
Жолдошев: автоинспекторлордун билимин тереңдетүү керек

Биздин ЖКККББ кызматкерлеринин арасында кесиптик милдеттерин билбегендери да бар. Алар көп учурда жол эрежесин өздөрү бузуп, айдоочуну токтотушат. Мындай пикирин Жоомарт Жолдошев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, КМШ мамлекеттеринде айдоочулар менен автоинспекторлорунун бири-бирине болгон ишеними абдан төмөн.

"Өнүккөн өлкөлөрдө жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин биринчи милдети — айдоочуну жазалоо эмес, ага жардам берүү. Эгер айдоочу эрежени бузган болсо токтотуп, түшүндүрүп, муктаждыгы болсо биринчи кезекте көмөк көрсөтүү. Ал эми бизде, жалпы эле КМШ мамлекеттеринде, автоинспекторлор өзүн бийлик өкүлүндөй алып жүрүшөт. Айдоочунун унаасы бузулуп же кандайдыр бир башка жардам керек болсо, жазалоодон мурда келип чыккан көйгөйдү чечүү алгачкы милдеттери болсо да аны аткарганга шашылышпайт. Тескерисинче, айдоочуну кагып-силкип, орой мамилесин көрсөтүп, керек болсо акыл-насаат айтып жибергенден да кайра тартышпайт. Ошол эле учурда сага коюп жаткан айып боюнча мыйзамдын негизинде өз оюңду билдирип, беренени ачып окуп берип жатсаң да моюн толгошот. Бул автоинспекторлордун билиминин төмөндүгүнөн кабар берет. Алардын этикасын жолго салуу үчүн алгач билимин көтөрүү керек", — деди Жолдошев.

Ал жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери эрежени бузган учурда айдоочулар арыз калтыра турган тез байланыштын жоктугу да абалды курчутуп жаткандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0