Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бекташова: жаңы конуштардагы жарыктын жоктугу окуучуларга көйгөй жаратууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБалдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Нуркыз Бекташова
Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Нуркыз Бекташова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдарды коргоо борборунун социалдык кызматкери Нуркыз Бекташова Бишкек шаарынын жаңы конуштарында жашаган мектеп окуучуларынын көйгөйлүү маселелерин атап берди.
Бекташова: жаңы конуштардагы жарыктын жоктугу окуучуларга көйгөй жаратууда

Балдарды коргоо борбору тарабынын жүргүзүлгөн изилдөө боюнча алты жаңы конушта жашаган балдардын көйгөйлөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Нуркыз Бекташова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы Ак-Бата, Ак-Ордо, Көлмө, Калыс-Ордо жана Жеңиш жаңы конуштарындагы мектептер иликтенген.

"Бишкектеги жаңы конуштардагы балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында алардын көйгөйлөрүн аныктоого аракет жасадык. Натыйжада рэкетчилик, бир класста 40тан ашык окуучунун билим алышы жана көчөлөрдө жарыктын жоктугу болду. Жаңы конуштардагы айрым мектептер төрт смен менен окуп, сабактан кеч чыгышат да караңгы көчөдө басышат", — деди Бекташова.

Ал мындан сырткары, мектеп окуучуларына окуу китептеринин жетишсиздиги да эң чоң маселелердин бири экенин белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0