Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамкеев: ипотекалык насыя алганда үйдү милдеттүү түрдө камсыздандыруу керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваПредседатель правления ОАО "Государственная Ипотечная Компания" Бактыбек Шамкеев
Председатель правления ОАО Государственная Ипотечная Компания Бактыбек Шамкеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык кредит компаниясынын төрагасы Бактыбек Шамкеев 2018-жылы борбор калаада 1100 үй-бүлө мамлекеттик ипотекалык насыялоо жолу менен турак жайлуу болгондугун маалымдады.
Шамкеев: ипотекалык насыя алганда үйдү милдеттүү түрдө камсыздандыруу керек

Ипотекалык насыя аркылуу үй-жайлуу болгондордун сандык көрсөткүчүндө Бишкектен кийин эле Ош облусу турат. Ал аймакта бир жыл аралыгында 450гө жакын бүлө батирлүү болгон. Бул тууралуу Бактыбек Шамкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, насыя аркылуу батир алгандар милдеттүү түрдө турак жайын камсыздандыруусу керек.

"2018-жылы Бишкекте 1100, Ош облусунда 450, Ысык-Көлдө 150, Нарын боюнча 120, Талас облусунда 60 жана Баткенде 50гө жакын үй-бүлө ипотекалык насыя аркылуу турак жайлуу болду. Эреже боюнча насыяга алынган үй милдеттүү түрдө камсыздандырылышы керек. Биз мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы менен келишим түзгөнбүз. Шаар тургундары үйүн 1200 сом менен камсыздандырат. Эгерде кандайдыр бир кырсык болуп кетсе, үй ээсине 1 миллион 200 миң сомго чейин төлөнөт. Ал эми аймактагылар бир жылга камсыздандыруу үчүн 600 сом төлөп, күтүлбөгөн кырсыктан турак жай жабыркаса, 600 миң сомго чейин компенсация берилет", — деди Шамкеев.

Ошондой эле ал ипотекалык насыяга алынбаган үйлөрдү дагы камсыздандырып коюу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0