13:05 14 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.8979
  • RUB1.0880
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова
© Sputnik / Асель Акматалиева

Бообекова: ийгилик деген түшүнүк улутка, өлкөгө, менталитетке жараша өзгөрөт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
40 0 0

Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова "Ийгиликтүү адам деген ким?" деген суроого жооп берди.

Ийгиликти ар бир адам ар башкача түшүнөт. Бул нерсе улутка, өлкөгө, менталитетке жараша өзгөрөт. Мындай пикирин Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, немецтер үчүн карьералык өсүү ийгилик болсо, ал эми кыргыздар үчүн ден соолукта болуу ийгилик деп эсептелиши мүмкүн.

"Ийгиликтүү адам деген ким? Ал — бүтпөсө да ишин жасап, улантып жаткан адам. Өз ишин сүйгөн, өзүн тааныган, өзү каалаган жерде жашаган кишилер ийгиликтүү деп айтылат. Ийгилик деген түшүнүк улуттарга, өлкөлөргө, менталитетке жараша өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, немец улутундагылар үчүн карьералык өсүү, кымбат баалуу унаага ээ болуу, кытайлар үчүн тамактануу болсо, ал эми кыргыздар үчүн ден соолукта болуу ийгилик деп эсептелет. Эң башкы ийгилик — жан дүйнөнүн тынчтыгы, адамдын өзүнө канааттануусу", — деди ал.

Психолог ошол эле маалда канааттануу менен жалкоолукту айырмалай билүү маанилүү экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Бообекова: максаттын аркасынан умтулуунун өзү ийгилик
Белгилер:
адам, ийгилик, психология, Кадиян Бообекова

ЭҢ МААНИЛҮҮ