Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Керималиев: аттестациядан өткөн чарбаларга өкмөт жардам берет

© SputnikАйыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев. Архив
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев дыйкандарды жазгы талаа иштерине даярдоо максатында жер-жерлерде атайын окутуу курстары өтүп жаткандыгын маалымдады.
Керималиев: аттестациядан өткөн чарбаларга өкмөт жардам берет

Азыркы тапта окуу Чүй облусунда өтүп жатса, жаңы жылдан кийин аны Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында уюштуруу пландалган. Бул тууралуу Жаныбек Керималиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бир айлык мөөнөттө элеттиктерге кандай жол менен кайсы айыл чарба продукциясын өндүрүү керектиги тууралуу кеңири маалымат берилет.

"Биз жыл сайын айдап себүү иштерине даярдык көрүүнүн структурасын түзөбүз. Ал жерде айыл өкмөттөрүнөн, райондук администрациядан, облустук өкүлчүлүктөрдөн келген маалыматтарды анализдеп, келээрки жылдын өзгөчөлүктөрүн, артыкчылыктарын эске алып, божомол түзөбүз. Андан сырткары, эки жылдан бери министрлик бейөкмөт уюмдар менен биргеликте айыл чарбасына багытталган "Зооветагро" окутуу курстарын өткөрөбүз. Окутуу иштери Кемин, Чүй райондорунда өттү. Жаңы жылдан кийин бир айлык окуулар өлкөнүн түштүк аймактарында жүргүзүлөт. Негизи ведомство өзүнө тиешелүү бардык иштерди убагында аткарганга аракет кылып жатат. Ирригациялык системалар оңдоодон өтүп, учурда ички чарбачылык каналдарды иретке келтирүүнүн үстүндө иштер жүрүүдө. Асылдандыруу, үрөн чарбачылыктарында аттестация өтөт. Ишин начар алып барган чарбалар жабылып, мыкты көрсөткүчтөрдү багындырган чарбалар өкмөттүн колдоосуна ээ болот", — деди Керималиев.

Ошондой эле ал айдап себүү иштеринде элеттиктер күйүүчү-майлоочу май менен жетиштүү түрдө камсыз болорун айтып, Нефтетрейдерлер ассоциациясы менен жыл сайын меморандумга кол коюлуп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0