17:34 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7942
  • EUR76.9027
  • RUB1.0885
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Сыдыков: ишкерлик жаатындагы реформалар толук ишке ашпай жатат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
51 0 0

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков ишкерлик жаатындагы ишке ашпай калган реформалар кийинки жылдын планына киргизилиши керектигин айтты.

Ишкерлик багытында жүргүзүлгөн реформалардын 42 пайызы ишке аша элек. Бул тууралуу Аскар Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

"Реформалардын бир бөлүгүнүн ишке ашпай калышына объективдүү себептер бар деп үмүт кылабыз. Балким тоскоолдуктар жаралып, кээ бир адистер өз ишин так аткарбай жаткандыр. Мамлекеттик органдарда башка маселелер каралып, бизнес жаатына убакыт тартыш болуп жатабы деп да ойлойбуз. Негизи каралчу маселелер арбын. Ишкерлик боюнча аткарылбай калган реформалар кийинки жылдын планына киргизилип, аны батыраак чечүүгө аракет кылуу керек", — деди Сыдыков.

Эске салсак, буга чейин "Биз Эксперт" аналитикалык борборунун серепчиси Улукмырза Осмонов ишкерликке байланыштуу нормативдик-укуктук актыларга жүргүзүлгөн реформалардын экономикалык пайдасы тууралуу айтып берген.

Тема боюнча

Сыдыков: бизнес-акыйкатчы институту түзүлсө экономикабыз жогоруламак
Белгилер:
ишкердик, бизнес, экономика, реформа

ЭҢ МААНИЛҮҮ