Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Нурманбетов: коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларга 1000 сом айып салынат

© Sputnik / Асель АкматалиеваИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ага тескөөчүсү Ахмед Нурманбетов
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ага тескөөчүсү Ахмед Нурманбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ага тескөөчүсү Ахмед Нурманбетов жол эрежесин бузгандарга жоопкерчилик күчөтүлө турганын айтты.
Нурманбетов: жол эрежесин сактабагандарга айып пул жогорулайт

Жаңы жылдан тарта жол эрежесин сактабагандарга айып пул өлчөмү кескин жогорулайт Бул тууралуу Ахмед Нурманбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, муну менен катар эле 2019-жылдан баштап айдоочулук күбөлүк да МАИ кызматкерлери тарабынан алынбайт.

"Жаңы жылдан тарта жол кыймылынын эрежелери боюнча кодекстерге өзгөртүүлөр киргизилет. Мисалы, жол эрежесин бузган айдоочунун айдоочулук күбөлүгү алынбайт. Муну менен катар айып пулдун өлчөмү да кескин жогорулайт. Буга чейин шаар ичинде коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 300 сом айып пул салынса, жаңы жылдан тарта 1000 сомду түзөт. Эгер салынган айып пулду 30 күн ичинде төлөбөсө, анда туум кошула баштайт", — деди ага тескөөчү.

Ал аталган өзгөртүүлөр коррупциянын алдын алуу максатында киргизилгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0