Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаныгулов: Бишкектин борбордук аянтына 200 миң түп гүл отургузулат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Ала-Тоо" аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов
Тазалык муниципалдык ишканасынын Ала-Тоо аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Ала-Тоо" аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов отургузула турчу гүлдөр 3700 чарчы метр аянтты ээлей тургандыгын маалымдады.
Жаныгулов: Бишкектин борбордук аянтына 200 миң гүл отургузулат

Гүлдөрдү отургузууда анын жасалгаланышына, дизайнына жана өңү-түсүнө өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу Руслан Жаныгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, гүлдөрдү алууда ишкана күнөсканалар арасында конкурс уюштуруп, жеңүүчүсү менен кызматташуу боюнча келишим түзөт.

"Гулдөрдү отургузуу иштери январь айында башталат. Аларды биз конкурс аркылуу утуп чыккан күнөсканалардан алабыз. Быйыл Бишкек шаарынын борбордук аянтына 200 миң даана гүл отургузулат. Алар георгина, агератум, гацания жана башка түрлөрү. Гүл аянтчасы кооз болушу үчүн анын дизайнына өзгөчө көңүл бурулат. Алгач бардыгын мэрия менен макулдашып алып, андан кийин коюлган планды аткарабыз. Гүл отургузула турган аймактын жалпы аянты 3700 чарчы метрди ээлейт. Учурда күнөсканаларга конкурс жарыяланды", — деди Руслан Жаныгулов.

Ошондой эле ал гүл бакчанын дизайны алгач кагаз бетине, андан кийин компьютердик графикада иштелип чыгарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0