Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Шамкеев: ипотекалык насыяга 7500дөй үй-бүлө кезекте турат

© Sputnik / Табылды КадырбековПредседатель Правления ОАО "Государственная Ипотечная Компания" Бактыбек Шамкеев
Председатель Правления ОАО Государственная Ипотечная Компания Бактыбек Шамкеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ипотека компаниясынын жетекчиси Бактыбек Шамкеев 2018-жыл ичинде 4 миллиард сом ипотекалык насыя берилгенин айтты.
Шамкеев: ипотекалык насыяга 7500дөй үй-бүлө кезекте турат

Ипотекалык насыя атайын түзүлгөн тизме аркылуу берилет. Ал тизмени райондук администрациялар түзүп берет. Бул тууралуу Бактыбек Шамкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган компания эгер каражат үзгүлтүксүз берилип турса, ай сайын 200 миллион сомдук насыя бергенге мүмкүнчүлүгү бар.

"Аталган ипотекалык компаниядан насыя алуу үчүн биринчи кезекте мамлекеттик кызматта иштеген адам болушу керек. Ал өзү жашаган райондун администрациясына кайрылып, кезекке тура алат. Райондук администрациялар түзгөн тизме комиссиядан өтүп, бизге келет. Учурда мындай жол менен кезек күтүп жаткан 7500 үй-бүлө бар. Бул кардарларды кийинки жылдардан тарта үйлүү кылууга аракет кылуудабыз", — деди Шамкеев.

Ал ипотекалык насыя боюнча суроолорго 0 (312) 61-06-61 номерине чалып жооп алса болорун кошмчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0