Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бообекова: үй-бүлөнүн жүгүн көтөрүүгө даяр болгондо гана баш кошуу керек

© Sputnik / Асель АкматалиеваАга окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ага окутуучу, педагогика илимдеринин кандидаты жана психолог Кадиян Бообекова психология илими боюнча үй-бүлө курууга кантип даярдык көрүү керектигин айтып берди.
Бообекова: үй-бүлөнүн жүгүн көтөрүүгө даяр болгондо гана баш кошуу керек

Бир үй-бүлөнүн жүгүн, гармониясын сактоо чоң жоопкерчилик. Мына ушул нерселерге даяр болгондо жаштар баш кошушу керек. Мындай пикирин Кадиян Бообекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, "досум үйлөндү, эми мен дагы үйлөнүшүм керек" деген ой жаңылыштык.

"Үй-бүлө куруудан мурда даярмынбы деген суроону берүү зарыл. Курбум күйөөгө тийди, досум үйлөндү, бул кыз, же бул жигит жагып калды деп ойлоо жаңылыштык. Бир адам менен бирге болуп, чогуу жашоо деген таптакыр башка нерсе. Алгач үй-бүлө куруудагы негизги максат эмне экенин аныктап чыгыш керек. Үй-бүлөлүүлөрдүн катарын толуктообу, же балалуу болубу, же жөн эле ошол киши менен жашоо кызык болуп жатканын так түшүнүү зарыл. Анткени бир максат менен турмуш куруп, ал максат ишке ашкандан кийин ажырашып кетүү мүмкүнчүлүгү жогорулайт", — деди психолог.

Ал ошондой эле келиндүү болууга кайнене да психологиялык жактан даярданышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0