Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбеталиева: курч респиратордук ооруларда вирустун 200дөн ашык түрү бар

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления по оценке качества лекарственных средств и медицинских изделий Минздрава КР Чынара Мамбеталиева
Начальник Управления по оценке качества лекарственных средств и медицинских изделий Минздрава КР Чынара Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорулардын алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Чынара Мамбеталиева жыл мезгилине жараша сасык тумоонун ар кандай түрү бар экендигин маалымдады.
Мамбеталиева: курч респиратордук ооруларда вирустун 200дөн ашык түрү бар

Жай мезгилинде кездешчү грипптин түрүн ичеги-карын сасык тумоосу деп коет. Ал көбүнесе сырткы факторлорго көз каранды. Бул тууралуу Чынара Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ичеги-карындагы сасык тумоону чыгаруу үчүн суюктукту көп ичүү сунушталат.

"Грипп мезгилдик болуп бөлүнөт. Кыш мезгилиндеги сасык тумоо суукта күчөйт. Себеби вирустун сыртынан катуу катмарча курчап калат да, ал бактерияларды коргоого алат. Качан гана температура жогорулаганда коргоочу зат эрип, вирус адам үчүн коопсуз боло баштайт. Ал эми жай мезгилиндеги грипп жогорку температурага туруктуу болот. Сасык тумоонун бардык түрүнө каршы күрөшүүдө суюктукту көп ичүү, таза абага чыгуу, бөлмөнү желдетип туруу сунушталат. Адам канчалык суюктукту көп ичсе, организмге топтолгон уулуу заттар ошончолук тез чыгат", — деди Мамбеталиева.

Ошондой эле ал жай мезгилинде кездешчү сасык тумоо организмге көбүнесе жуулбаган жашылча-жемиштер аркылуу кирерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0