13:04 22 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.5323
  • RUB1.0863

Шамкеев: быйыл 3,5 миңден ашуун үй-бүлө ипотекалык насыя алды

Радио
Кыскача шилтеме алуу
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (59)
127 0 0

Мамлекеттик ипотекалык кредит компаниясынын төрагасы Бактыбек Шамкеев 2018-жылда аталган компания 4 миллиард сомго жакын суммага ипотекалык насыя бергендигин билдирди.

Быйыл 3500дөн ашуун үй-бүлө ипотекалык насыя алды. Эгер ал үй-бүлөлөрдөгү ар бир адамды кардар катары эсептесек, болжолдуу түрдө 15000 адам үйлүү болду десек болот. Мындай пикирин Бактыбек Шамкеев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ипотекалык насыя берүүдө компания менен 13 банк активдүү иштешип жатат.

"Мамлекеттик ипотекалык компания 2016-жылы түзүлгөн. Алгач 800гө чукул үй-бүлөгө кредит бергенбиз. Кийинки жылы 1300дөй бүлө алса, быйыл 3500дөн ашуун үй-бүлөгө ипотекалык насыя бере алдык. Булардын бардыгы мамлекеттик кызматта иштегендер. Компания үчүн бул сандар чек эмес, биз бөлүнгөн каражаттан көз карандыбыз. Компания менен жалпысынан 13 банк тыгыз иштешип келүүдө", — деди Шамкеев.

Ошондой эле ал бөлүнгөн каражат үзгүлтүккө учурабаса, аталган компаниянын айына 200 миллион сомго чейин насыя берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Тема:
Мамлекеттик ипотекалык насыя берүү (59)

Тема боюнча

Шамкеев: 2019-жылдан тарта ипотекалык кредиттин пайызы дагы төмөндөйт
Белгилер:
отчет, банк, ипотекалык насыя, Бактыбек Шамкеев

ЭҢ МААНИЛҮҮ