Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбеталиева: сасык тумоого каршы 149 миң вакцина алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления по оценке качества лекарственных средств и медицинских изделий Минздрава КР Чынара Мамбеталиева
Начальник Управления по оценке качества лекарственных средств и медицинских изделий Минздрава КР Чынара Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оорулардын алдын алуу, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Чынара Мамбеталиева курч респиратордук вирустук ооруларга каршы Саламаттык сактоо министрлиги 79 миң доза вакцина алгандыгын маалымдады.
Мамбеталиева: сасык тумоого каршы 149 миң вакцина алынды

Андан сырткары, глобалдык саламаттыкты сактоо корпорациясы менен болгон кызматташтыктын алкагында дагы 70 миң доза вакцина алынган. Бул тууралуу Чынара Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эмдөөнү мамлекеттик медициналык мекемелерден сырткары жеке менчик клиника, бейтапканалар дагы жүргүзө алат.

"Эмдөө оору менен күрөшүүдөгү эң эффективдүү ыкма болуп эсептелет. Быйыл өлкөгө 149 миң доза вакцина алынды. Алгач алты айдан 14 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, жаш курагы 65тен ашкан карыялар, өпкө, жүрөк кан тамырлары оорулары менен жабыркаган адамдар кезексиз эмделет. Алар "кооптуу топко" кирет. Мындай топто 600 миңден ашуун киши бар. Бардыгына вакцина жетпейт. Бирок кооптонуу кажетсиз, анткени курч респиратордук вирустук оорулар күчөйт деген маалымат жок", — деди Мамбеталиева.

Ошондой эле ал жеке менчик бейтапканаларда, клиникаларда эмдөө акылуу экендигин айтып, ал 500-650 сомдун тегереги экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0