Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рысбаев: толук эркектер сексуалдык көйгөйгө көп чалдыгат

© Sputnik / Асель АкматалиеваСпециалист научного центра урологии Министерства здравоохранения Болот Рысбаев
Специалист научного центра урологии Министерства здравоохранения Болот Рысбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын доценти, уролог Болот Рысбаев толук адамдар көп учурда сексуалдык көйгөйлөргө дуушар болорун билдирди.
Рысбаев: толук эркектер сексуалдык көйгөйгө көп чалдыгат

Ар бир эркекте "тестостерон" деген гармон бар. Ал эми толук адамдарда "ароматаза" деген кооптуу фермент болот. Ал гормондорду башка гормондорго өткөрүп салуу коркунучун жаратат. Бул тууралуу Болот Рысбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасынын эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ошол себептен толук эркектердин бел күчүнүн кубаты төмөндөп, көп учурда сексуалдык көйгөйлөргө дуушар болушат.

"Эгер байкасаңыздар, мурда толук адамдар көп болчу. Азыр алардын саны азайды. Себеби көп эркектер ден соолугуна кам көрө баштады. Спорт менен машыгып, туура тамактануунун жолуна түштү. Ар бир эркекте "тестостерон" деген гормон бар. Ал эми толук адамдарда "ароматаза" деген фермент көп кездешет. Ал фермент эркектин гормонун аялзатындагы "эстрогендерге" алмаштырып салуу касиетине ээ. Мындан улам көп учурда толук адамдарда сексуалдык көйгөйлөр жаралат", — деди Рысбаев.

Ошондой эле ал сексуалдык мүнөздөгү көйгөйлөр жаралбаш үчүн эркектерди туура тамактанууга чакырып, гендик модификацияланган организмдерди камтыган продукциялардан оолак болуусу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0