Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Султанов: Биринчи май районунда 16 жаңы конуш бар

© Sputnik / Эркин СадыковБишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Токтосун Султанов райондун калкы 209 миңди түзөрүн айтты.
Султанов: Биринчи май районунда 16 жаңы конуш бар

Биринчи май району десе эле кооз имараттарды, калаанын борбордук бөлүгүн элестете беришет. Биздин районго караган дагы 16 жаңы конуш бар. Бул тууралуу Токтосун Султанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаңы конуштардын эң алысы райондон 35 чакырым аралыкта жайгашкан.

"Биринчи май району Бишкектин борбордук бөлүгүн камтыганы менен карамагына 16 жаңы конуш, бир кичирайон кирген. Жалпысынан 21 мектеп, 14 бала бакча бар. Калкынын саны Улуттук статистикалык комитеттин берген маалыматы боюнча 204 миң, бирок иш жүзүндө 209 миңге жетти. Райондун башкы көйгөйлөрүнүн бири болуп, бала бакча, мектептердин жетишсиздиги саналат", — деди Султанов.

Ал райондогу чарбалык көйгөйлөргө карабай эли ынтымактуу жана мекенчил экендиги менен сыймыктанарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0