Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаныгулов: "Ала-Тоо" аянтынан күнүнө 400 кг таштанды чыгат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Ала-Тоо" аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов
Тазалык муниципалдык ишканасынын Ала-Тоо аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тазалык" муниципалдык ишканасынын "Ала-Тоо" аянты боюнча жетекчиси Руслан Жаныгулов аталган ишкананын 24 жумушчусу борбордук аянттын тазалыгын камсыздап тураарын билдирди.
Жаныгулов: "Ала-Тоо" аянтынан күнүнө 400 кг таштанды чыгат

"Ала-Тоо" аянтынан күнүнө 400 килограммдай таштанды чыгат. Майрам күндөрү акыр-чикирдин көлөмү 3-4 эсеге көбөйөт. Бул тууралуу Руслан Жаныгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жумушчулар таштандылардан сырткары кар күрткөлөрүн да атайын унаага кол менен жүктөп беришет.

"Ала-Тоо" аянтын тазалык менен камсыздап турган жалпысынан 24 кызматкер бар. Мэриянын атайын буйругуна ылайык, бул жерге өзүнчө жумушчу тобу бөлүнүп, былтыркы жылдан бери иштеп келебиз. Аянттан орто эсеп менен күнүнө 400 килограммдай таштанды чыгат. Анын көп бөлүгүн желим баштыктар, бөтөлкөлөр түзөт. Ал эми майрам күндөрү акыр-чикирдин көлөмү 3-4 эсеге көбөйүп кетет. Кыш мезгилинде кар калың түшсө, карды атайын техниканын жардамы менен, болбосо кол менен унаага жүктөп беребиз. Алар шаар сыртына төгүлөт, — деди Жаныгулов.

Ал таштанды 1-июнда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө эң көп чогуларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0