Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамытова: зомбулук, порнография, согушка үндөгөн тасмаларга тыюу салынат

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин өкүлү Элвира Мамытова. Архив
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин өкүлү Элвира Мамытова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Кинематография департаментинин өкүлү Элвира Мамытова жеке менчик студияларда тартылган кинотасмалардын маңызына атайын комиссия баа бере тургандыгын билдирди.
Мамытова: зомбулук, порнография, согушка үндөгөн тасмаларга тыюу салынат

Мамлекеттин эсебинен тартылган тасмалардын сапатына Кинематография департаменти көзөмөл жүргүзө алат, жеке менчик студияларда жарык көргөн кинолорго талап кое албайт. Бул тууралуу Элвира Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, акыркы убактарда өлкөдө кинолордун басымдуу бөлүгү жеке каражаттын эсебинен тартылууда.

"Мамлекеттен каражат "Кыргызфильм" киностудиясына, жеке менчик студиялар арасында сынак өткөрүүгө бөлүнөт. Башка каражатка тартылган тасмалардын сапатына биз талап кое албайбыз. Бирок маңызына келгенде көзөмөлдөө укугубуз бар. Себеби тартылган кино жүгүртүүгө чыгышы керек. Ал эми фильм көрүүчүлөргө тартууланышы үчүн прокаттык күбөлүктү бизден алуусу шарт. Ал жердеги атайын комиссия күбөлүктү берүү же бербөө боюнча чечим чыгарат. Эгерде фильмде зордук-зомбулук, порнография, согушка үндөө болсо, ал жүгүртүүгө чыкпайт", — деди Мамытова.

Ошондой эле ал Кинематография департаменти Улуттук өзбек кино агенттиги менен кызматташуу боюнча сентябрь айында меморандумга кол коюп, анын алкагында жакында Өзбекстанда кыргыз кино жумалыгы болуп өткөндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0